Жаңылык

              8-март — Аялдардын Эл аралык күнүнө карата колледжде концерттик программа уюштурулду.  

Бул иш-чаранын максаты — аялзатына болгон урмат-сыйды арттыруу, энелердин, эже-карындаштардын коомдогу ордун даңазалоо

              8-март — Аялдардын Эл аралык күнүнө карата колледжде концерттик программа уюштурулду.   Бул иш-чаранын максаты — аялзатына болгон урмат-сыйды арттыруу, энелердин, эже-карындаштардын коомдогу ордун даңазалоо жана студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүү болду.     Концерттик программада студенттер тарабынан ырлар аткарылып,   майрамдык куттуктоолор айтылды. Ошондой эле эжекелерге жана бардык студент кыздарга арналган жылуу сөздөр, каалоо-тилектер айтылып, майрамдык маанай тартууланды.   Бул иш-чара студенттерге жакшы маанай тартуулап, аялзатына болгон урмат-сыйды дагы бир жолу эске салган маанилүү тарбиялык саат болуп өттү.Концерттик программаны уюштурган Лд-1-23, Ад-1-23 группалары болду.