Талас медициналык колледжинде 2026–2027-окуу жылына карата кеңешме болуп өттү.
Педагогикалык кеңешменин жүрүшүндө жаңы окуу жылына даярдык көрүү, окуу-тарбия процессин сапаттуу уюштуруу, студенттердин билим сапатын жогорулатуу, окутуучулардын алдына коюлуучу милдеттер жана колледждин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары талкууланды.
Ошондой эле алдыдагы окуу жылына карата иш-пландар каралып, тиешелүү тапшырмалар жана сунуштар берилди.
Жыйынтыгында 2026–2027-окуу жылын уюшкандыкта баштоо жана билим берүү процессинин натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.









