Биз жөнүндө

Колледждин тарыхы

Талас медициналык колледжи — орто медициналык билим берүү тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар, саламаттыкты сактоо системасы үчүн кесипкөй орто медициналык кызматкерлерди даярдап келе жаткан окуу жай.

Талас медициналык колледжинин имараты
Талас медициналык колледжинин окуу имараты

Тарыхы бай окуу жай

1955

Окуу жайдын негизделиши

Талас медициналык окуу жайы СССРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин №183 буйругунун негизинде 1955-жылы ачылган. Окуу жай уюшулгандан тартып саламаттыкты сактоо тармагы үчүн орто медициналык кызматкерлерди даярдоо багытында иш алып барып келет.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын 10-декабрындагы №639 буйругунун негизинде окуу жай “Талас медициналык колледжи” деп аталып калган.

2025-жылы окуу жай 70 жылдык мааракесин белгиледи

Алгачкы бүтүрүүчүлөр

1958-жылкы алгачкы бүтүрүүчүлөр

1958-жылкы алгачкы бүтүрүүчүлөр

1955-жылы окуу жайдын босогосун алгач аттап, 1958-жылы аяктаган алгачкы бүтүрүүчүлөр.

Бул сүрөт колледждин тарыхындагы маанилүү мезгилди чагылдырат. Алгачкы бүтүрүүчүлөр окуу жайдын өнүгүү жолунун башталышында медициналык билим алып, аймактагы саламаттыкты сактоо тармагына өз салымын кошкон.

Ошондон бери Талас медициналык колледжи муундан муунга медициналык адистерди даярдап, билим берүү салттарын улантып келет.

Колледжди жетектеген инсандар

  • 1955–1965-жж.Андреева Т.А.
  • 1965–1967-жж.Мамбеталиев Ө.М.
  • 1967–1970-жж.Керженцева В.Е.
  • 1970–1977-жж.Акматбеков З.А.
  • 1977–1999-жж.Орозалиева Г.Б.
  • 1999–2011-жж.Аширбаева Г.М.
  • 2011–2023-жж.Байысова Г.А.
  • 2023–2025-жж.Суеркул уулу Алымбек
  • 2025-ж.Директордун м.а. Малдыбаева М.М.

Колледждин азыркы жетекчилиги

Шералиева Гүлсада Насриддиновна

Шералиева Гүлсада Насриддиновна

2025-жылдын декабрь айынан тартып Талас медициналык колледжинин директорунун милдетин аткаруучу болуп Шералиева Гүлсада Насриддиновна эмгектенип келе жатат.

Фармацевт-провизор, жогорку билимдүү адис.

Окуу багыттары

Талас медициналык колледжи уюшулгандан тартып «Дарылоо иши», «Акушердик иши», «Фармация», «Медициналык айым иши» адистиктери боюнча орто медициналык кызматкерлерди даярдап келет.


Шифр Адистиктер Окуу мөөнөтү
1 060101 Дарылоо иши 3 жыл 6 ай
2 060102 Акушердик иши 2 жыл 10 ай
3 060108 Фармация 2 жыл 10 ай
4 060109 Медициналык айым иши 2 жыл 10 ай

Окуу корпустары жана материалдык база

Окуу имараттары

Талас медициналык колледжинин окуу корпусу 4 кабаттуу имаратта жайгашкан. Ошондой эле бир кабаттуу экинчи корпусу бар. Имараттар санитардык-гигиеналык жана өрткө каршы ченемдерге жооп берет.

Инженердик камсыздоо

Имарат борборлоштурулган суу түтүгү, канализация жана жылуулук системасы менен камсыздалган. Талапка жооп берген техникалык документтери бар.


  • Колледждин материалдык-техникалык базасы билим берүүнүн заманбап талаптарына жооп берет.
  • Окуу пландарына ылайык зарыл болгон окуу бөлмөлөрү менен камсыз болгон.
  • Студенттердин теориялык билимин практика жүзүндө бышыктоо максатында муляждар менен жабдылган окуу-тренажердук борбор ачылган.
  • Студенттердин окуусуна ыңгайлаштырылган электрондук китепкана жана медициналык пункт бар.
  • Колледждин ишмердиги жөнүндө маалыматтар социалдык тармактарга жана расмий сайтка убагы менен жарыяланып турат.

Колледж тарыхынан сүрөттөр

Колледж имараты

Колледж имараты

Талас медициналык колледжинин окуу корпусу.

Колледж жетекчилиги

Колледж жетекчилиги

ТМКнын директорунун милдетин аткаруучу.

Алгачкы бүтүрүүчүлөр

Алгачкы бүтүрүүчүлөр

1958-жылы окуу жайды аяктаган алгачкы бүтүрүүчүлөр.

Мээрмандар гимни

Жашоо кызык, мезгил менен жарышып, Өмүр, өлүм келет тынбай алышып. Дарыгерлер, медайымдар аралжы, Адамдарга өмүр шамын жагышып. Билим алып медицина жайынан, Өмүр үчүн бизге милдет тагылган. Антыбыздын сырын сактап, иштейбиз, Жүрөктөргө кут орнотуп жалындан. Бөбөк күлсө, үйгө бакыт жанашат, Ал күлкүнү сактоо бизге аманат. Дилибизден, эмгектене беребиз, Энелердин болсо экен деп дени сак. Мээрмандар, мээрим нурун чачалы, Мээрим менен эл көңүлүн ачалы. Тоодой ташып ден соолуктун арымы, Кемий берсин кеселмандын катары... Мекенибиз гүлдөп өссүн буралып, Мезгил менен бекемделип, куралып. Мээрим, ыйман, кайрымдуулук, ынтымак, Муундарды коштой берсин уланып!