Бүгүн Талас медициналык колледжибизде жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу линейка болуп өттү.
Иш-чарага колледждин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышып, жаңы окуу жылына ак жол каалап, жакшы тилектерин билдиришти.
Айрыкча, колледжибиздин босогосун алгачкы жолу аттаган 1-курстун студенттери үчүн бул күн өзгөчө мааниге ээ болду. Аларга студенттик жашоосунда ийгиликтерди, талыкпас изденүүнү жана келечекте мыкты медициналык адис болууну каалайбыз!
Жаңы окуу жылы ар бирибизге жаңы билим, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана чоң жетишкендиктерди алып келсин!
Билим күнүңүздөр менен! 📖




