Жаңылык

Талас медициналык колледжинде 9-Май Улуу Жеңиш күнү майрамына карата “Баатырларга таазим” деген темада тарбиялык саат жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

9-Май Улуу Жеңиш күнү майрамына карата "Баатырларга таазим" деген темада тарбиялык саат жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Тарбиялык сааттын жүрүшүндө согуш темасына арналган видео тасма көрсөтүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштагы баатырлардын эрдиги эскерилди. Ошондой эле согуш жылдарын чагылдырган ыр, бий аткарылып, көркөм окуулар окулду.

Бул тарбиялык саат жаш муундарды мекенди сүйүүгө, тарыхты урматтоого, тынчтыктын кадырын билүүгө жана ата-бабалардын эрдигин унутпоого үндөдү. Элибизде ар дайым тынчтык болсун!