Талас медициналык колледжинде “7-апрель-Элдик революция күнү” белгиленди. Иш чаранын максаты эркиндик жана демократия үчүн курман болгон баатырлардын элесине таазим кылуу, жаштарды мекенчилдикке жана биримдикке тарбиялоо максаттында өттү. Студенттер Мирзанова Айэлита “Мекен”, Кыржыбекова Махабат “Эрдик жана намыс” деген темадагы ырларды көркөм окушту. Баатырлар тууралуу “Баатырларды эскерүү” видеоролик көрсөтүлдү. Ошондой эле курман болгон баатырларды эскерип “Уулум кайтып келчи?” деген темада сценка аткарышты. Төлөнбердиева Хабиба менен Планбекова Сезим “Кыргызтаным” деген чыгарманы аткарышты. Планбекова Сезим “Төгүлбөсүн энелердин көз жашы” темадагы монологду аткарды. Иш-чаранын соңунда Апрель революциясынын баатырларынын элеси элдин эсинде түбөлүккө сакталары жана ар бир жаран мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуусу керектиги айтылды.



