2024-жылдын 30-апрелинде Талас медициналык колледжинин жалпы жамааты үчүн дагы бир ирээт эсте каларлык күн болду.
Бул күнү колледжге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык жана агрардык комитеттеринин депутаттары, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары жана башка жергиликтүү мекеме жетекчилери келишти.
Жолугушуунун алкагында коноктор колледждин бүгүнкү күндөгү абалы менен жеринде таанышып, негизги көйгөйлөрүн талкуулашты. Ошондой эле алар окуу жайдын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана учурдагы маселелерди чечүү багытында тиешелүү иштерди жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Талас медициналык колледжинин шарттарын жакшыртууга кайдыгер карабастан, өз салымдарын кошууга даяр экендиктерин билдирген эл өкүлдөрүнө, министрликтердин жана жергиликтүү мекемелердин жетекчилерине колледждин жалпы эмгек жамаатынын жана студенттеринин атынан терең ыраазычылык билдиребиз.