Жаңылык

Жогорку Кеңештин депутаттары колледждин ишмердүүлүгү менен таанышышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Талас медициналык колледжине келип, окуу жайдын абалы менен таанышып, жамаат жана студентте

Өтүп кеткен аптада окуу жайыбызга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Мураталиев Марат Молдонович жана Чойбеков Бактыбек Каныбекович келип, колледждин бүгүнкү күндөгү абалы жана шарттары тууралуу маалымат алышты.

Иш сапардын алкагында депутаттар эмгек жамааты жана студенттер менен жолугушуп, алардын пикирлерин угуп, баарлашуу жүргүзүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуу жайда чечүүнү талап кылган айрым көйгөйлөр бар экендиги белгиленип, эл өкүлдөрү аларды чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча аракет көрө тургандыктарын билдиришти.

Мындай жолугушуулар окуу жайдын ишинин алдыга жылышына, материалдык-техникалык базасынын жакшыртылышына жана өнүгүүсүнө кайдыгер карабагандыкты көрсөтөт деп эсептейбиз.