Жаңылык

“Жаңы жыл – 2026” майрамдык кечеси өткөрүлдү.Куратор С.Ш.Авленова группасы менен жаңы жылдык майрамдык салтанатты жогорку деңгээлде өттү.

Программада аземдүү бийлер, жандуу үндөгү ырлар жана Жаңы жылдык кызыктуу сценарийлер көрсөтүлдү.




      
Талас медициналык колледжинде “Жаңы жыл – 2026” майрамдык кечеси өткөрүлдү.Куратор С.Ш.Авленова М/и-1-25 группасы менен жаңы жылдык майрамдык салтанатты жогорку деңгээлде өттү. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. 
Салтанатты колледждин директору м.а Г.Н.Шералиева   жалпы жамаатты жана студенттерди келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, өткөн жылдагы жетишкендиктерге токтолду жана алдыдагы пландар менен бөлүштү.Ар бир бөлүмдүн  студенттери өздөрүнүн таланттарын тартуулашты. Программада аземдүү бийлер, жандуу үндөгү ырлар жана Жаңы жылдык кызыктуу сценарийлер көрсөтүлдү.