Талас медициналык колледжинин эмгек жамааты жалпы ишембиликке активдүү катышышты.

Ишембиликке Талас медициналык колледжинин эмгек жамааты да активдүү катышты.

Бүгүн, 5-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Талас облусунда облус башчысы Эрмат Джумаевдин жетекчилиги алдында жалпы облустук ишембилик уюштурулду.

Ишембиликке Талас медициналык колледжинин эмгек жамааты да активдүү катышты.

Талас медициналык колледжинин кызматкерлери аймакты көрктөндүрүү, тазалыкты камсыз кылуу жана коомдук маанидеги иш-чараларга активдүү катышып, өз салымдарын кошуп келишет.

Ишембиликтин жүрүшүндө колледждин кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды тазалап, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.