Талас медициналык колледжинин студенти эл аралык онлайн-форумда I орунду жеңип алды
2026-жылдын 27-май айында Нарын медициналык колледжинин базасында «Уюшулган жамааттар арасында гельминтоздор: калк арасында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө орто медициналык кызматкерлердин ролу» аттуу эл аралык онлайн-форум өткөрүлдү.
Форумга Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарынан жана жакынкы чет мамлекеттерден медициналык колледждердин окутуучулары, студенттери жана саламаттык сактоо тармагынын адистери катышып, гельминтоздордун алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана орто медициналык кызматкерлердин кесиптик ролу боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Илимий баяндамалардын жыйынтыгында өткөрүлгөн сынакта Талас медициналык колледжинин Талас медициналык колледжинин студенти эл аралык онлайн-форумда I орунду жеңип алды
Студенттин бул жетишкендигине илимий жетекчилери Д.Д. Исакова жана Мурат кызы Перизат олуттуу салым кошуп, изилдөө ишин даярдоодо методикалык жана илимий колдоо көрсөтүштү.
Талас медициналык колледжинин жамааты Курманбекова Эльяонораны жана анын илимий жетекчилери Д.Д. Исакова менен Мурат кызы Перизатты чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы илимий жана кесиптик ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди жана бийик жетишкендиктерди каалайт.


