Талас медициналык колледжинде 21-февраль-Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Кыргыз элинин эне тили – кыргыз тили.
Бүгүнкү күндү 25 жылдан бери бүтүн дүйнө жүзү белгилеп келет.ЮНЕСКО 1999-жылы 21-февралды “Эл аралык эне тили күнү,”-деп жарыялап, бул күн жыл сайын белгиленип келет. Бул күн ар бир улуттун өз эне тилин сактоосу, өнүктүрүүсү жана коргоосу үчүн маанилүү.Аталган иш-чарада майрамдын жаралуу тарыхын, ар улут өз эне тилин жоготпой сактоо керектигин жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында доклад окулуп, видео ролик көрсөтүлдү жана студенттер арасында эне тил жөнүндө ырлар айтылды. Студенттер акын-жазуучулардын ырларынан көркөм окушту Шайлообек Дүйшеев “Эне тилин унуткандар«,Жеңишбек Жумакадыр «Кыргыз тилим минип калды араба»,Абрасул Токтомушев «Эне тилим» ыр саптарын көркөм окушту.