Жаңылык

   Талас медициналык колледжинде  23-сентябрь  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүндө « Улут болсом, тилим менен улутмун»тарбиялык саат  өтүлдү.

« Улут болсом, тилим менен улутмун» темасында куратор Н.С.Камбарова группасы менен тарбиялык саат  өттү

           Талас медициналык колледжинде  23-сентябрь  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүндө « Улут болсом, тилим менен улутмун» темасында куратор Н.С.Камбарова А\и1-24, А\и-2-24  группасы менен тарбиялык саат  өттү. Кыргыз тилинин улуулугун, ыйыктыгын баалуулугун, тил-тарыхыбыздын негизги куралы экендигин түшүндүрүштү. Көркөм окуу,макал-лакаптар,обондуу  ырлар,кыргыз бийин бийлешип,улуттук баалуулуктарды, маданиятты жана каада-салтты тил аркылуу сактоого жана кийинки муунга өткөрүп берүү экендиги айтылды..Ар бир тил,өз эли үчүн улуу тил.