Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдыгына карата видеороликтер сынагы уюштурулат

Талас медициналык колледжинде Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдыгына карата 1-курстун студенттери арасында видеороликтер сынагы

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдыгына карата Талас медициналык колледжинде 1-курстун студенттеринин арасында видеороликтер сынагы уюштурулат.

Сынактын максаты — студенттердин жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча билимдерин тереңдетүү, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу.

Сынактын алкагында катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармалары боюнча видеороликтерди даярдап, өздөрүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүшөт.

Жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан мыкты деп табылган иштер аныкталып, I, II, III орундарга ээ болгон катышуучулар дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

Бардык каалоочу студенттерди сынакка активдүү катышууга чакырабыз!