Жаңылык

Талас медициналык колледжине техникалык жардам көрсөтүлүп, сыйлык тапшырылды

Талас медициналык колледжинде министр жана депутаттын катышуусунда окуу жайга техникалык жабдуулар тапшырылып, окутуучу

2024-жылдын 17-апрелинде Талас медициналык колледжине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев келишип, окуу жайга интерактивдүү доска, компьютерлер жана принтерлерди тапшырышты.

Мындан тышкары, колледждин окутуучусу Д.Д. Исаковага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы ыйгарылды.

Колледждин эмгек жамааты менен жолугушуунун жүрүшүндө актуалдуу маселелер талкууланып, алардын ичинде ремонт иштерине байланышкан көйгөйлөр да көтөрүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү өкүлдөр бул маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтө тургандыктарын билдиришти.