Жаңылык

Талас медициналык колледжинин 70 жылдыгына арналган эл аралык конференция өткөрүлдү

Талас медициналык колледжинин 70 жылдыгына карата эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп, Кыргызстан жана коңшу ө

2025-жылдын 16–17-май күндөрү Талас медициналык колледжинин 70 жылдыгына арналган
«Кыргыз Республикасынын орто медициналык билим берүүсүнүн учурдагы өсүп-өнүгүүсүндөгү абалы жана жетишкендиктери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан, ошондой эле коңшу Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен келген медициналык колледждердин директорлору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө орто медициналык билим берүүнүн учурдагы абалы, жетишкендиктери, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн багыттары боюнча пикир алышуу болуп өттү.