Жаңылык

«Маңкурт кечээ, бүгүн, эртең» аттуу сценка ийгиликтүү коюлду

Колледжде Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган «Маңкурт кечээ, бүгүн, эртең» аттуу сценка коюлуп, студенттер маңк

Колледжде залкар жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган «Маңкурт кечээ, бүгүн, эртең» аттуу чакан сценка ийгиликтүү коюлду.

Иш-чарага Ф-1-24 жана Ф-2-24 тайпаларынын студенттери жана алардын кураторлору М.М. Малдыбаева менен Ү.А. Кутманалиева активдүү катышышты.

Сценкада Айтматовдун Гүлсарат жана Кылым карытар бир күн сыяктуу чыгармаларындагы маанилүү темалардын бири болгон маңкурттук маселеси көтөрүлдү. Студенттер өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн, сахна маданиятын көрсөтүү менен көрүүчүлөргө терең таасир калтырышты.

Бул иш-чара студенттердин улуттук аң-сезимин өстүрүүгө, руханий баалуулуктарды баалоого жана аларга кайдыгер карабоого үндөгөн маанилүү тарбиялык сабак болду.