Кыздар күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүдө

Талас медициналык колледжинде Кыздар күнүнө карата майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, спорттук оюндар жогорку деңгээлде өт

Тогуздун айынын 3-күнүнөн тарта Талас медициналык колледжинде Кыздар күнүнө карата майрамдык иш-чаралар уюштурулуп жатат.

Бүгүн колледжде тогуз коргоол жана волейбол оюндары өткөрүлүп, студенттер активдүү катышышты.

Иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулуп, оюндардын жүрүшү кызыктуу жана маанай көтөргөн атмосферада өттү.

Алдыда дагы ар кандай көңүл жубаттуучу оюндар жана иш-чаралар өткөрүлмөкчү.