2025 -жылдын 16-17-май күндөрү Талас медициналык колледжинин 70 жылдыгына арналган “Кыргыз Республикасынын орто медициналык билим берүүсүнүн учурдагы өсүп-өнүгүүсүндөгү абалы жана жетишкендиктери “аттуу Эл аралык илимий практикалык конференция өткөрүлдү.
Иш -чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан жана коңшу Казакстан менен Өзбекстандан келген медициналык колледждердин директорлору, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.