“Маңкурт кечээ, бүгүн, эртең” аттуу сценка коюлду

Жаңылыктар

Залкар жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган “Маңкурт кечээ, бүгүн, эртең” аттуу чакан сценка ийгиликтүү коюлду. Иш-чарага Ф-1-24 жана Ф-2-24 тайпаларынын студенттери жана алардын кураторлору М.М. Малдыбаева менен Ү.А. Кутманалиева активдүү катышты.

Сценкада Айтматовдун “Гүлсарат”, “Кылым карытар бир күн” сыяктуу чыгармаларындагы маанилүү темалардын бири болгон маңкурттук маселеси көтөрүлдү. Студенттер өз оюн, чыгармачылыгын жана сахна маданиятын көрсөтүү менен көрүүчүлөргө терең таасир калтырышты.

Бул иш-чара студенттердин улуттук аң-сезимин өстүрүүгө, руханий баалуулуктарга кайдыгер карабоого үндөгөн маанилүү сабак болду.

Достор менен бөлүшүңүз
Elchibek Elchibek
Авторду баалоо
( No ratings yet )
Талас Медициналык Колледжи
Комментарий кошуу