9-Май – Улуу Жеңиш күнүнө карата Талас Медициналык колледжинин директорунун атынан расмий куттуктоосу!

Жаңылыктар

КУТТУКТОО

Урматтуу ардагерлер, окутуучулар, студенттер жана кесиптештер!

Сиздерди 9-Май – Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул күн – жүрөгүбүздө түбөлүк сакталып кала турган даңктуу күн. Ардактуу аталардын, апалардын эрдиги, кайратмандыгы, мекенге болгон сүйүүсү – бүгүнкү тынчтыктын, көз карандысыздыктын жана бейпил жашоонун негизи болуп саналат. Биз алардын алдында терең таазим этебиз!

Ардагерлерибиздин баатырдыгы – бүгүнкү жаш муунга сабак, патриотизмдин үлгүсү. Биз, билим берүү тармагында иштеген адистер катары, жаштардын аң-сезиминде ушул баалуулуктарды сактап, күчөтүп туруу ардактуу милдетибиз деп билебиз.

Урматтуу замандаштар!

Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, тынчтык жана ар дайым жаркын келечек каалайм. Ар бир үй-бүлөгө бакыт жана береке болсун!

Жеңиш күнүңүздөр кут болсун!

Урматтоо менен,
Талас Медициналык колледжинин директору

Суеркул уулу Алымбек

Достор менен бөлүшүңүз
Талас Медициналык Колледжи