Талас медициналык колледжинде 27- февралдан тартып 4- мартка чейин «Академиялык мобилдүүлүк» ички келишиминин алкагында медициналык колледждер ортосунда онлайн сабактар (гостевые лекции) өтүлдү.
27-февралда “Микробиология” предметинин окутуучусу Дилдедос к.Н. . “Вирустардын жалпы мүнөздөмөсү. СПИД вирусу.Коронавирустук инфекция”темасында сабак өттү;
28-февралда “Хирургия” предметинин окутуучус Женишбек уулу К. “Хирургиялык кан тамыр оорулары: артериялар жана веналар” темасында лекция окуп берди;
29- февралда “ОЭФ”сабагынан А.З. Мадымарова “Фармацевтикалык маркетингдин негиздери (Аптекадагы мерчандайзинг)” темасындагы сабагын өтүп берди;
1- мартта “Акушерлик” предметинен А.Т. Мамырова “Мөөнөтүнөн мурда төрөт” темасында өттү;
4-март күнү “Маалыматтык технология” предметинен А.А.Баркыбаев “Дүйнөлүк интернет тармагы. Интернеттеги медициналык ресурстар” темасында сабагын ийгиликтүү өттү.
Сабакка ZOOM платформасы аркылуу студенттер жана окутуучулар катышышып, суроолорун беришип кызыктуу болду.