Колледж жөнүндө маалымат

          Талас медициналык окуу жайы СССРдин Саламаттыкты сактоо Министрлигинин №183 Буйругунун негизинде 1955 – жылы ачылган. Орто кесиптик окуу жайында адистерди даярдоону өнүктүрүү, жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2008 – жылдын 10 – декабрынын №639 Буйругунун негизинде Талас медициналык колледжи деп аталган.

Директору —  Суеркул уулу Алымбек

Колледже студенттерди даярдоо төмөнкү адистиктер боюнча жүргүзүлөт:

  • 060101 “Дарылоо иши”, фельшер адиси 1955 – жылдан;
  • 060102 “Акушердик иш”, акушер адиси 1955 – жылдан;
  • 060109 “Сестралык иш”, мээрман адиси 1955 – жылдан;
  • 060108 “Фармация”, фармацевт адиси 2000 – жылдан;
Достор менен бөлүшүңүз
Талас Медициналык Колледжи