Колледждин китепканасы
Талас медициналык колледжинин китепканасы студенттердин билим алуусуна, окутуучулардын окуу-усулдук иштерине жана электрондук ресурстарды колдонууга шарт түзгөн маалыматтык-билим берүү борбору болуп саналат.
Китепканачы жөнүндө маалымат
Донбаева Гулнар Совхозбековна
1984-жылы Б.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун “Библиотековедение — библиограф” бөлүмүн аяктаган.
- 1984-жыл Талас шаарындагы облустук китепканада китепканачы болуп эмгектенген.
- 2002-жылдан Талас медициналык колледжинде китепканачы болуп эмгектенип келе жатат.
- Сыйлыктары 2020–2024-жылдары Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Талас медициналык колледжинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
Китепкананын жалпы фонду
Электрондук китепкана
Окутуучулар жана студенттер үчүн электрондук ресурстар
Электрондук китепкананын базасында ар бир окутуучуга тиешелүү электрондук папкалар жайгаштырылган. Анда силлабустар, лекциялар, китептер жана презентациялар камтылган.
Азыркы учурда “Ебилим” программасында бир нече китептер сканерден өткөрүлүп, электрондук форматта жүктөлгөн.
Ебилим платформасына өтүүКитепканадагы шарттар
Компьютердик камсыздоо
Китепканада жалпы 5 компьютер бар. Бул студенттерге жана окутуучуларга электрондук материалдар менен иштөөгө, маалымат издөөгө жана окуу ресурстарын колдонууга шарт түзөт.
Окуу материалдары
Китепкана студенттердин теориялык билимин кеңейтүүгө, медициналык багыттагы адабияттарды пайдаланууга жана өз алдынча билим алууга жардам берет.
Китеп фондун жаңылоо
- 2024-жылдын 12-январында китепканага 312 жаңы адабий китеп келип түшкөн.
- Китептерге тиешелүү белгилер коюлуп, инвентардык китепчеге киргизилген.
- Жаңы китептер китепкананын жалпы фондуна кошулуп, студенттердин пайдалануусуна берилген.





