БИЗ ЖӨНҮНДӨ

Колледждин тарыхы

Талас медициналык колледжи — орто медициналык билим берүү тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар, муундан муунга кесипкөй адистерди даярдап келе жаткан окуу жай.

Колледж жөнүндө

1955

Тарыхы бай окуу жай

Талас медициналык окуу жайы СССРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин №183 буйругунун негизинде 1955-жылы ачылган. Кийин орто кесиптик билим берүү багытын өнүктүрүү жана кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын 10-декабрындагы №639 буйругунун негизинде “Талас медициналык колледжи” деп аталып калган.

2025-жылы окуу жай 70 жылдыгын белгиледи

Тарыхый этаптар

  1. 1955 Окуу жайдын негизделиши. Талас медициналык окуу жайы саламаттыкты сактоо тармагы үчүн орто звенодогу адистерди даярдоо максатында ишин баштаган.
  2. 1955+ Алгачкы негизги адистиктер. Окуу жайда “Дарылоо иши”, “Акушердик иш” жана “Сестралык иш” багыттары боюнча студенттерди даярдоо жүргүзүлүп келген.
  3. 2000 “Фармация” багыты кошулган. Бул колледждин билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, медициналык кызмат көрсөтүү тармагына жаңы профилдеги адистерди даярдоого шарт түзгөн.
  4. 2008 Колледж макамы. 2008-жылдын 10-декабрындагы №639 буйруктун негизинде окуу жай “Талас медициналык колледжи” деген аталыш менен ишин уланткан.
  5. 2025 70 жылдык маараке. 2025-жылдын 16–17-май күндөрү колледждин 70 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлгөн.

Азыркы абалы жана багыттары

Жетекчилик

Колледждин ишмердүүлүгү салттуу медициналык билим берүүнү заманбап талаптар менен айкалыштырып, студенттерге сапаттуу теориялык жана практикалык даярдык берүүгө багытталат.

Окуу багыттары

Колледжде негизги медициналык багыттар боюнча адистер даярдалып, теория менен практиканын айкалышына өзгөчө көңүл бурулат.

70+ жылдык тарых жана тажрыйба
4 негизги билим берүү багыты
1955 негизделген жыл